Коом

Быйыл кумарканалардан түшкөн салык 77.5 млн сомго көбөйдү

Быйыл январь-май айларында кумарканалар бюджетке салык катары 171 млн 481.7 миң сом төлөдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган суммасынын 165 млн сому казинолордон, 2.28 млн сому оюн автоматтарынан, 3.5 млн сому букмекердик жайлардан жана тотализаторлордон, ошондой эле электрондук (онлайн) кумарканалардан 701.7 миң сому түшкөн.

Былтыр беш айда кумарканалар бюджетке 93 млн 967 миң сомдон ашык салык төлөгөн. Быйыл 2024-жылдын январь-май айларына караганда кумарканалардан түшкөн салык 77 млн 514.5 млн сомго көбөйдү. 

Тектеш кабарлар

Back to top button