Коом

УКМК: Ысык-Көл облусунда курал-жарактардын жашыруун жайы табылды — ФОТО

КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн чыгаруу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун жүрүшүндө, 2028-Аскердик бөлүктүн сапёр-инженердик тобун жана милициянын кызматкерлерин тартуу менен, 2023-жылдын 19-апрелинде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймагынан курал-жарактардын жашыруун жайы табылып, андан төмөнкү ок-дарылар алынды:

— 1 даана Ф1 сактагычсыз гранатасы;

— 3 даана кол түтүн гранаталары;

— 1 бирдик ВОГ- 17 снаряды;

— 1 даана сигналдык патрон;

— 3 даана белгисиз үлгүдөгү чабуулчу гранаталар;

— 1 бирдик 16-калибрдеги жылмакай мылтык;

— 4 даана 7,62-калибрдеги патрондор

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп айтылат УКМКнын Басма сөз кызматы билдирген маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button