Коом
Жаңы ак үй 30-августта ачылат

Президенттик администрациянын жаңы имараты «Ынтымак ордо» 30-августта ачылат. Бул тууралуу Facebook баракчасына өлкө башчысынын иш башкармачысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Ал видеосун жүктөп, жаңы «Акүй» толугу менен бүткөнүн кабарлады.
Жаңы «Акүйдүн» курулушу 2022-жылы башталган, анын аянтты 26 гектар. Ага канча каражат жумшалары ачыкталган эмес. Садыр Жапаров имаратты куруу үчүн чет өлкөдөн жумушчулар алынып келингенин кабарлаган.



