Бишкекте апасын өлтүрүүгө шектелип 22 жаштагы улан кармалды

Бишкекте 22 жаштагы жигит үрөй учурган кылмышка шектелүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал апасын мууздап, денесинин бөлүктөрүн ашканада сууга кайнатып жаткан жеринен кармалган.
ИИМдин маалыматына ылайык, Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө Бөкөнбаев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйлөрдүн биринин батиринен жагымсыз жыт чыгып жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Чакыруу боюнча милициянын аймактык инспектору барган. Ал батирге киргенде аялдын жансыз денесин көргөн.
Батирде 2003-жылы туулган жигит болгон, ал ашканада мештин үстүндө казанга эт кайнатып жаткан. Текшерүүдөн соң 1976-жылы туулган апасынын денесинин бөлүктөрү экени, ал эми калган бөлүгү муздаткычта болгону аныкталган.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалды.



