УКМК: Ноокатта мыйзамсыз менчиктештирилген жер жана имарат мамлекетке өттү

Ноокат шаарынын Ленин 3а көчөсүндө жайгашкан 308,12 кв. м. жер аянты эки кабаттуу имараты менен биргеликте ыктыярдуу түрдө мамлекеттин эсебине өткөрүлүп берилди.
Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, КР УКМК мурда мыйзамсыз таркатылып, энчиленип кеткен мамлекеттик объектилерди жана жерлерди мамлекеттин балансына кайтаруу иштеринин алкагында, Эски-Ноокат айыл өкмөтүнүн (азыркы Ноокат шаарынын) райборуна 600 орундуу клуб куруу үчүн 1,2 га жер аянты ажыратылып берилгендигине карабай, көрсөтүлгөн жер аянтынан 0,25 га мыйзамсыз жеке менчике берилип кеткен.

Жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында Ленин 3а көчөсүндө жайгашкан 308,12 кв. м. жер аянтын эки кабаттуу имараты менен биргеликте Турдубай уулу Акылбек (КР ЖК мурдагы депутаты Сулайманов Алтынбек Турдубаевичтин биртууганы) мамлекеттин эсебине өз ыктыяры менен өткөрүп берди.

Азыркы маалда Ноокат районунун аймагында мыйзамсыз жеке менчике берилип кеткен жер аянтарды кайтаруу боюнча тийиштүү иш чаралар уланууда.




