Коом

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкесине көп кабаттуу үй курулганын аныктады

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

КР УКМК тарабынан мыйзамсыз алынган мамлекеттик мүлктү аныктоо жана кайтаруу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө мурда бала бакча жайгашкан жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды.

Аталган жер тилкеде 1953-жылы «Фрунзе машина куруучу заводунун» жумушчуларынын балдары үчүн 30 сотук аянтка курулган эки кабаттуу бала бакчанын имараты жана чарбалык курулуштар жайгашкан.

Кыргыз Республикасынын 1992-жылдагы №1074-XII сандуу Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдагы №УП-37 сандуу Жарлыгына ылайык: «мамлекеттик билим берүү мекемелеринин имараттары жана материалдык-техникалык базасы приватташтырууга жатпайт» — деп белгиденген. Мыйзамга ылайык приватташтыруу мүмкүн болбогон соң, 1990-жылдары бала бакчанын жер тилкеси жеке тараптын менчигине өтүп кеткен.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, тиешелүү комиссия тарабынан: «учурда бул жерге 10 кабаттуу үч блоктон турган турак жай комплекси курулуп жатканы, аларды бузуп, жер тилкесин бошотуу максатка ылайыктуу эмес» — деген бүтүм чыгарылган.

Буга байланыштуу мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкесинин наркын эске алуу менен мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруунун эсебине, баасы 54 миллион 490 миң сомду түзгөн, жалпы аянты 600 чарчы метрлүү 7 батир мамлекеттин менчигине алынды.

КР УКМК мамлекеттик социалдык объектилердин жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен мүлктөрүн аныктоо жана кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button