Коом

«Союз МС-27» космостук кемесинин экипажы жерге конду

Пилоттолгон «Союз МС-27» космостук кемесинин экипажы жерге конгондон кийин эвакуацияланды. Бул тууралуу «Роскосмос» маалымдады.

Космонавттар Сергей Рыжиков, Алексей Зубрицкий жана астронавт Джонатан Ким 9-декабрда, Москва убактысы менен саат 08:04тө Казакстандын Жезказган аймагында конгон кемеден чыгышты.

Кеме Эл аралык космостук станциянын Орусиялык секторундагы «Причал» модулунан саат 04:41те чыгарылган. «Союз МС-27» МКСке 8-апрелде Байкоңурдан учуп, «Союз-2.1а» ракета менен жеткен.

Экипаж Эл аралык космостук станцияда 245 күн өткөрдү. Бул убакыттын ичинде алар илимий эксперименттерди жүргүзүп, станцияны оңдоп-түзөөлөрдү жасады.

Космонавттар Сергей Рыжиков менен Алексей Зубрицкий эки жолу ачык космоско чыгып, «Экран-М» жана «Импульс» эксперименттик жабдууларын орнотушту.

Тектеш кабарлар

Back to top button