Коом
Бишкектин айрым райондорунда 10-11-сентябр күнү жаратылыш газы убактылуу токтотулат

«Бишкекгаз» кызматы орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 10-11-сентябрь күндөрү борбор калаабыздын айрым райондорунда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөрүн билдиришти.
Газ берүүнү убактылуу токтотула турган аймактар:
Алыбаев көчөсү
Кривоносов көчөсү
Тойгонбаев көчөсү
Тимур Фрунзе көчөсү
Бишкекгаз жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, бул күндөрү альтернативдүү энергия булактарын пайдалануусун сунуштайт.
Бул иш-чара шаар тургундарынын жаратылыш газы менен туруктуу жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.



