Коом

Кара-Суу: Сарайдагы 85 бука тирүүлөй күйүп кеткен

Кечээ, түндө Кара-Суу районунун Большевик айылында жайгашкан «Адал Эт» чарбасында өрт кырсык катталды. Бул тууралуу ӨКМ кызматкери кабарлады.

Ферманын жетекчиси Нурлан Кочкоровдун айтымында, өрт болжол менен саат 18:00-19:00 чамасында чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр 01:00гө чейин иштеп, аны толук өчүрүшкөн.

«Кырсыктын кантип чыкканын азырынча билбейбиз. Башкы имараттагы камералар аркылуу так маалымат алабыз. Мал сарайга 98 баш мал батчу, бирок өрттөн 6 гана баш мал аман калды. 85 баш мал жана 2000-3000 чөп өрттөнүп жок болду . Жалпы чыгым 12 миллион сомго чукул болуп жатат», — деди ал.

 Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Нурсултан Токторбаевдин айтымында, алдын ала маалымат боюнча өрт электр тогунун зымдарынан чыккан.

 «Биз эртең менен барып, кырдаал менен тааныштык. Ишкана толугу менен күйүп, 83төй баш мал өрттөнүп кетиптир», — деди Токторбаев.

 Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Адал Эт» дыйкан (фермер) чарбасы 2020-жылы 21-декабрда каттоодон өткөн. Түзүүчүсү жана жетекчиси —Кочкоров Нурлан Аскербекович. Фермердик чарба мал багуу менен алектенет. 

Тектеш кабарлар

Back to top button