Коом

Ипотекалык үйлөрдүн биринчи кабатында мектеп уюштурулат

Мамлекеттик ипотекалык компания курган Маликов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында 5-9-класстын окуучулары үчүн мектеп уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматта бүгүн, 18-сентябрда, калаа мэри Айбек Жунушалиев барып, окуу кабинеттерин жабдуу иштерин ыкчамдатууну тапшырганы белгиленген.

«Жакынкы убакта бул жер керектүү техника, эмерек менен жабдылып, сапаттуу билим берүү үчүн зарыл болгон бардык шарт түзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Бул жерде дал ушул үйлөрдө жашаган балдар билим алат.

Тектеш кабарлар

Back to top button