Коом
Бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы “Чоң-Капка-автожол” бекети 3 саатка жабылат

Бүгүн, 29-апрелде кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Чоң-Капка-автожол” өткөрүү жайында 3 саатка адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат.
Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришкендей, өткөрүү бекетинде саат 16:00дөн 19:00гө чейинки мезгил аралыгында техникалык жумуштар жүргүзүлөт.
Чек ара кызматы жарандардан жол жүрүүнү алдын ала пландаштырууну суранат.



