Коом
Жалал-Абадда 100 жылга жете турган газдын запасы бар экени айтылды

Бүгүн, 25-сентябрь күнү Ош шаардык кеңешинин XIV сессиясы башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз билдирди.
Жыйында «Мурас» фракциясынан депутат Кутманалы Абдрахман уулу Ош шаарындагы электр энергиясы, газ боюнча маселелерди көтөрүп, аларды жеткирүү кандай болуп жатканын сурады. Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев электр энергияга болгон талап жылдан жылга көбөйүп жатканын абилдирди.
«2025-жылдын 7 айында 666 млн кВт саат электр энергия колдонулду. Ал эми газ боюнча жылдан-жылга көйгөй жаралып жатат. Январь айдын аягында басымы аз болуп калат. Буга Өзбекстандан көз каранды. Жалал-Абад облусунда 100 жылга жете турган газдын запасы бар экен. Ошону түтүктөр менен тартуу керек. 7 айга карата 310 млн куб газ берилген», — деди Сонунбек Жунусбаев.



