Коом

Бишкектеги батирден досторун бычактап, батирди өрттөп жиберген

Кечээ, Бишкектеги батирлердин биринде достор арасында келишпестиктен улам бычакталып, батирден өрт чыкан. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, 29-сентябрда саат 01:00дөр чамасында «102» тез жардам кызматына көп кабаттуу үйдөгү батирде эки адам бычакталып, андан кийин өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын турак жай инспекциясына катталды. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобунун мүчөлөрү жана райондук милиция кызматкерлери барышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан батирлердин биринде 2006-жылы туулган Б.Г., 2006-жылы туулган Б.А., 2003-жылы туулган Т.Т., 2004-жылы туулган М.Р., 2003-жылы туулган З.З. Андан улам чыр-чатак учурунда Т.Т. менен М.Р.га белгисиз бычак же кесүүчү нерсе менен бычак сайган.

Окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылып, жабырлануучулар белинен бычактан алган жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Андан соң кылмышка шектүү катары 22 жаштагы З.З. кылмышты жашыруу үчүн батирди өрттөп жиберген.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин («Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү») негизинде кылмыш иши козголду. З.З. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button