Коом

Бишкекте “АгроТехЭкспо” айыл чарба жарманкеси өтөт

Борбор каалада 17-18-19-октябр күндөрү “АгроТехЭкспо – 2025” республикалык агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара адаттагыдай эле борбор калаадагы Т.Усубалиев атындагы аянтта уюштурулат.

Ал эми, көргөзмөдө заманбап айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү жабдуулар, инновациялык агротехнологиялар, үрөн, жер семирткич, өсүмдүктү коргоочу каражаттар жана асыл тукум малдар көрсөтүлүлөт. Ошондой эле жарманкеде органикалык таза айыл чарба азык-түлүктөрүнүн бардык түрлөрү арзан баада сатылат.

Мындан тышкары, көргөзмөдө жарандар өзү каалаган техника, жабдуу жана айыл чарба товарларын сатып алууда жеңилдетилген лизинг кызматын жана насыяларды пайдалана алат.

Министрлик бардык дыйкан жана фермерлерди борбор калаадагы эң ири көргөзмө-жарманкеге катышууга чакырууда.

Байланыш телефондору: 0312 623629, 0555 346 060 (“Алтын Күз” жарманкеси боюнча), 0554 287025.

Тектеш кабарлар

Back to top button