Коом

Лев Толстой менен Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир торчолор калыбына келтирилүүдө

Бүгүн, 2025-жылдын 29-сентябрында «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын бригадасы Лев Толстой жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги саркынды сууларды кабыл алуучу темир торчолорду калыбына келтирүүгө киришти. Бул тууралуу басма сөз кызматкери билдирди.

Учурда адистер эскилерин алуу иштерин жүргүзүүдө. Андан кийин алар оңдоо жана жаңыларын жасоо үчүн цехке жеткирилет. Иштер бүгүн кечке чейин бүткөрүлүп, жаңы торчолор орнотуларын белгилеп кетти.

Тектеш кабарлар

Back to top button