Коом

Депутаттар Сузактагы кырсыкта жабыркаган окуучулардан кабар алып барышты

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева, Камила Талиева жана Кундузбек Сулайманов Бишкек шаарында дарыланып жаткан балдардан кабар алды.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда унаа сүзүп кеткен 10 бала Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына алып келинген. Бейтапкананын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдиргендей, учурда балдардын абалы туруктуу, 4 бала жандандыруу бөлүмүндө, калгандары сынык-жарат бөлүмүндө дарыланууда. Бир күндөн соң жандандыруу бөлүмүндөгү балдар жалпы палатага которула баштайт.Жогорку Кеңештин депутаттары дарылануудагы бардык балдардын абалы менен таанышып, дары-дармектердин жетиштүүлүгүнө жана дарыгерлердин тынымсыз кароосуна көңүл бурушту. Мындан тышкары жабыркаган балдардын жакындары менен баарлашкан эл өкүлдөрү аларга колдоо сөздөрүн айтып, балдардын жакшы дарыланып, бат сакайып кетүүсүн белгилешти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button