Коом
Кыргызстанда чет элдиктер өз унаалары менен 6 ай ичи жүрө алышат

Россия же Казакстандын жарандары өзүнө катталган унаасы менен келсе, Кыргызстандын аймагында 6 ай ичи эле жүрө алат. Бул тууралуу 7-октябрда Экономика жана коммерция министрлигинин бажы саясаты башкармалыгынын башчысы Руслан Тыналиев билдирди.
Маалымат боюнча, унаа ээси камсыздандыруу төгүмүн төлөп, өз унаасы менен Кыргызстандын аймагында жүрө алат.
«Ал убактылуу каттоо менен Кыргызстандын аймагында 6 айга чейин жүрө алат. Бирок Кыргызстандын жараны мындай унааны айдоого укугу жок», — деп билдирди Руслан Тыналиев.



