Коом
Өлкөдө сасык тумоого каршы эмдөөлөр башталды

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөөлөр башталды, деп билдирет Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти.
Жалпысынан «Гриппол+» вакцинасынын 63 миң 734 дозасы сатып алынган. Дары аймактарга бөлүштүрүлдү. Вакцина тобокел тобундагыларга – балдар, кош бойлуу аялдар, медицина кызматкерлери, өнөкөт оорулары бар адамдар жана 65 жаштан ашкан жарандар үчүн арналган.



