Коом

11-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей,  11-октябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин күчөшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусу түнкүсүн +2…+7 күндүз +19…+24

Талас облусу түнкүсүн 0…+5 күндүз +25

Баткен облусу түнкүсүн +8…+13 күндүз +20…+25

Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +8…+13 күндүз +20…+25

Ысык-Көл облусу түнкүсүн 0…+5 күндүз +15…+20

Нарын облусу түнкүсүн -3…+2 күндүз +14…+19

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7°, күндүз +20…+22° болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button