Коом
16-октябрда өлкө аймагында күн ачык болот

Эртең, 16-октябрда, Кыргызстандын бардык аймактарында күн ачык болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады. Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы секундуна 5–9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу: +18…+23°C
Талас облусу: +17…+22°C
Ош, Баткен, Жалал-Абад: +22…+27°C
Ысык-Көл облусу: +15…+20°C
Нарын облусу: +15…+20°C
Бишкек шаарында күндүн табы +21…+23 градуска чейин көтөрүлөт.



