Ноябрь айында кандай аба ырайы күтөт? Кыргызгидрометтин маалыматы

Кыргызгидромет ноябрь айына карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Ага ылайык, абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде, айрым жерлерде жогору болушу ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Чүй облусу
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…+4төн 5…10го чейин жетип, кээ бир түндөрү -2…-7 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз 5…10дон 13…18 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Айрым күндөрү абанын температурасы -1…+4 градуска чейин төмөндөп, кайра 19…24кө чейин жогорулашы мүмкүн.
Талас
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…+3төн 4…9га чейин жетип, кээ бир түндөрү -3…-8 градус суук болушу ыктымал. Күндүз 4…9дан 11…16 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Айрым күндөрү абанын температурасы -2…+3 градуска төмөндөп, кайра 17…22ге чейин көтөрүлөрү божомолдонду.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7ден 8…13кө өзгөрүп, кээ бир түндөрү -4…+1 градус суук болушу ыктымал. Күндүз 8…13төн 14…19га чейин өзгөрүлүп турат. Айрым күндөрү абанын күндүзгү температурасы 2…7ге чейин төмөндөп, кайра 20…25 градуска чейин жогорулашы мүмкүн.
Ысык-Көл облусу
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен 1…6га чейин өзгөрүп, кээ бир күндөрү чыгышында түнкүсүн -6…-11 градуска чейин суук болушу ыктымал. Күндүз 1…6дан 11…16 градуска чейин өзгөрүлүп турат.
Нарын облусу
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…-9, -1… +4 градустун тегерегинде болот. Күндүз 3…8ден 10…15 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Айрым күндөрү түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2 градуска төмөндөшү мүмкүн.



