Коом

УКМК: «Йакын Инкар» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү аныкталды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, УКМК «Йакын Инкар» ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында,  2025-жылдын 16-октябрында  козголгон кылмыш ишинин алкагында «Йакын Инкар»ДЭУнун 14 мүчөсүнүн жашаган дареги боюнча тинтүү иш-чараларын жүргүздү.

Тинтүү иш-чараларынын натыйжасында кылмыш ишинин фигуранттарынын жашаган дареги боюнча экстремисттик мүнөздөгү ар кандай диний адабияттар, ошондой эле буюмдук далил катары протоколдук түрдө алынган уюлдук телефондор табылган.

Мындан тышкары, жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында аталган «Йакын Инкар» ДЭУнун мүчөлөрү өздөрүнүн радикалдуу көз караштарынан ачык баш тартышкан.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button