Спорт

Ысык-Көлдө Борбор Азиянын алгачкы парус чемпионаты башталды

Чолпон-Ата шаарында парус спорту боюнча Борбор Азия чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мелдеш «Круиз» яхт-клубунун базасында өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген спортчулар катышып жатат.

Чемпионаттын программасына балдардын «Оптимист» классынан тартып, жогорку ылдамдыктагы Faraest-23 килдик яхталарына чейин эл аралык беш класстагы жарыштар кирген. Калыстар тобунун курамына Кыргызстан, Түркия жана Россия мамлекеттеринин эл аралык эксперттери тандалды.

Мелдештер 21-майга чейин уланат.

Тектеш кабарлар

Back to top button