Коом

Кадамжайда логистикалык борбор ачылды

Ал Билим берүү министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын «Мектеп тамагын оптималдаштыруу» программасынын негизинде курулуп, Россия тараптан 207 миң доллар өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүлдү. 

Аталган борбор мектептер менен жергиликтүү дыйкандардын ортосунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу байланыш түзүп, дыйкандарга жаңы базарларда соода кылууга мүмкүнчүлүк берет. 

Мындан мырткары, бул жерде сакталган азык-түлүк менен Кадамжайдагы 40тан ашуун мектептин окуучуларын тамак-аш менен камсыздоого болот.   

Бул пилоттук долбоор  катары  ийгиликтүү ишке ашса, өлкөнүн башка аймактарына да дал ушундай борборлор ачылмакчы.

@user22

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button