Саясат

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Евробиримдиктин жаңы санкциялары боюнча билдирүү таратты

Кыргызстан Евробиримдикти көз карандысыз аудит жүргүзүүгө чакырат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциялар тизмесине кыргызстандык юридикалык жактардын киргизилгенине өкүнүчүн билдирет. Бул тууралуу министрлик билдирди.

«Кыргыстан Республикасы өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин так аткарат жана Европа Биримдигиндеги өнөктөштөрү менен санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү менен байланышкан тобокелдиктерди биргелешип алдын алууга багытталган ачык жана конструктивдүү диалогду жүргүзөт.

Белгилей кетүүчү нерсе, Европа Биримдиги Борбордук Азия мамлекеттери менен стратегиялык өнөктөштүктү куруу жана башка нерселер менен катар өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү ниетин дайыма билдирип келет. Бул контекстте кыргыз тарап Европа Биримдиги жана анын мүчө мамлекеттери менен тең укуктуу, өз ара сый-урматка жана ишенимдүү өнөктөштүккө даяр. Бул мамиле бизге бир тараптуу санкцияларга караганда өз ара пайдалуу максаттарга жетүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик кошумчалагандай, Кыргыз Республикасы Европа Биримдигин фактыларды текшерүү жана каралып жаткан чектөөчү чаралар ишенимдүү жана текшерилген маалыматтарга негизделгенин ырастоо үчүн көз карандысыз, эл аралык деңгээлде таанылган аудит жүргүзүүгө расмий түрдө чакырат.

«Кыргыз тарап Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосунда үзгүлтүксүз маалымат алмашууну, транзакцияларды мониторингдөөнү жана биргелешкен тобокелдиктерди баалоону жүргүзө турган адистештирилген биргелешкен техникалык жумушчу топ түзүүнү сунуштайт», — деп жыйынтыктады Тышкы иштер министрлиги.

Эскерте кетсек, Европа Биримдиги Орусияга каршы санкциялардын 19-пакеттерин бекиткен. Кыргыз банктары жана компаниялары кайрадан чектөөлөргө дуушар болушту.

Тектеш кабарлар

Back to top button