Саясат

Президент күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине ипотекалык батирдин ачкычын тапшырды

Күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн Бишкекте курулган «Асман резиденс-1» турак жай комплекси пайдаланууга берилди. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышып, жаңы батирлердин ачкычын тапшырды.

Комплекстеги 1 050 батир «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилүүдө.

Президенттин айтымында, жыл аягына чейин өлкө боюнча 20 миңден ашуун батирдин курулушун аяктоо мерчемделген. Учурда Кыргызстанда 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж. Алардын 100 миңге жакынын 2026-2027-жылдары турак жай менен камсыз кылуу пландалууда.

«Асман резиденс-1» комплекси 11 блоктон турат. Курулуш 2024-жылдын октябрында башталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button