Саясат
Президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү 13-ноябрга чейин уланат

Азыркы учурда президенттик шайлоого талапкерлердин эч кимиси расмий каттоодон өтө элек. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, талапкерлер өз талапкерлигин 13-ноябрга чейин көрсөтө алышат.
«Шайлоо алдындагы үгүт иштери шайлоого 35 күн калганда, тактап айтканда, 23-декабрда башталат», — деди БШКнын төрагасы.



