Коом

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иши башталды

Бүгүн, 10-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды.

Үгүт добуш берүүгө 24 саат калганда токтойт.

Алдыдагы шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жаткандыктан, шайлоо процессинин мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылган. Ошого ылайык, шайлоо алдындагы үгүт 20 күнгө — 29-ноябрь саат 8:00гө чейин уланат.

Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы 467 талапкерди каттады, алардын 276сы – эркектер, 191и – аялдар.

Мыйзамга ылайык, төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт катары таанылат:

— тигил же бул талапкер үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;

— айрым талапкерлерге карата колдоону билдирүү;

— талапкерди шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;

— талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу. Шайлоо алдындагы үгүттөө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн:

— жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;

— концерт, театралдаштырылган оюн жана спорттук иш-чараларды кошпогондо, ачык үгүт иш-чараларын (митинг, чогулуш, теледебат жана башкалар) өткөрүү аркылуу;

— басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен (үгүт материалдарын өлкөнүн аймагынан тышкары жерде даярдоого тыюу салынат, ар бир материалдын түп нускасы же көчүрмөсү БШКга тапшырылууга тийиш);

— конституциялык мыйзамда тыюу салынбаган башка тариздерде. Төмөнкүлөргө үгүт жүргүзүүгө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга тыюу салынат:

— мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларга;

— мамлекеттик саясий кызмат орундарын ээлеген адамдарга, Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо;

— атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо;

— шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө;

— байкоочуларга, эл аралык байкоочуларга;

— диний ишмерлерге;

— кайрымдуулук иштери менен алектенишкен уюмдардын уюштуруучуларына жана мүчөлөрүнө;

— 18 жашка толо электерге;

— чет элдик жарандарга жана уюмдарга;

— жарандыгы жок адамдарга;

— аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерине. 

Чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат.

Талапкер жана саясий партиялардын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды камтыган теле жана радио программаларды көрсөтүүгө тыюу салынат.

Мындай учурларда көрсөтүлгөн маалыматтарды тараткан жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчиликке тартылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button