Окуялар

УКМК: Ноокат райондук милициянын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды – ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан Ош облусунун Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны К.Х.Т.га  карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. Аталган К.Х.Т. жабырлануучунун жеке-ачык айыптоосун колдоодон баш тарткандыгы тууралуу каршы билдирүүсүнө карабастан бейбаштык боюнча материалдар боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн 100 000 сом өлчөмүндө пара талап кылган.

2024-жылдын 28-мартында УКМК кызматкерлери тарабынан КР ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте Ноокат районунун имаратынын жанында 40 000 сом пара алып жаткан жеринен Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны К.Х.Т. кармалды.

Окуя болгон жерди кароонун натыйжасында, кармалган жарандын унаасынын кыймылдаткыч бөлүгүнүн салонунан пара катары арыз ээси тарабынан берилген 40 миң сом акча каражаты чүпүрөккө оролгон абалда табылган.

Тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кармалган К.Х.Т. Ош шаардык сотунун чечими менен 2024-жылдын 27-майына чейин КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button