Коом

Өтмөк ашуусунда асфальт төшөө иштери уланууда

Суусамыр–Талас–Тараз автожолунун Өтмөк ашуусунда асфальт төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Суусамыр–Талас–Тараз автожолунун Өтмөк ашуусундагы 9 км тилкесин асфальтоо иштери 2025-жылга каралган титулдук тизмеге киргизилген.

Июль айында 5 чакырым толук асфальтталып, каттам пайдаланууга берилген. Ал эми калган 4 чакырым тилкесинде асфальт басуу иштери 1-сентябрдан тарта башталып, учурда кызуу жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Өтмөк ашуусу аркылуу өткөн жол маанилүү транспорттук каттам болуп саналат. Буга чейин жолдун айрым тилкелери аң-чөнөктөрдү жамоого да жарабай калган. Жаңы асфальттын төшөлүшү менен жолдун сапаты жогорулап, айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button