Коом

Таш-Көмүрдө 11 га жерге күн электр станциясы курулууда

Таш-Көмүр шаарында 11 гектар жерге 30 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Маалыматта күн мурун президенттин өкүлү Тилек Текебаев станциянын курулуш иштеринен кабар алганы айтылат.

Аталган объект Жалал-Абад облусунда алгач ирет ишке ашырылып жаткан ири күн электр энергетикалык долбоорлорунун бири болуп саналат. Долбоор GRK Solar Energ компаниясы тарабынан жүзөгө ашырылууда. Долбоордун наркы 20 млн долларды түзөт.

Күн электр станциясы курулуп жаткан аймакта мурда көмүр шахталары жайгашкан. Учурда аталган жерлер толук калыбына келтирилип, өндүрүштүк жана коммерциялык пайдаланууга ылайыкташтырылган. Курулуш иштери экологиялык талаптар сакталган шартта, калыбына келтирилген аймактарда жүргүзүлүүдө.

Облус башчысы Тилек Текебаев бул долбоор энергетикалык көйгөйлөрдү чечүү менен катар, социалдык-экономикалык өнүгүүгө жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган комплекстүү чечим экендигин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button