Долон ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Нарын облусунда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана кардын үзгүлтүксүз жаашына байланыштуу жол тейлөө кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул тууралуу Жол чарба департаменти кабарлады.
Маалыматка ылайык, аймактагы тайгак жол тилкелерине учурда кум-шагыл аралашмасы себилип, тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бир катар райондордо кардын калыңдыгы 4–6 сантиметрге жетсе, айрым тоо ашууларында 5 сантиметрге чейин түшкөн. Жалпы жонунан тогуз жол тейлөө бөлүмү күнү-түнү нөөмөттө иштеп жатат.

Абалды көзөмөлдөө максатында Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун Долон ашуусундагы 273–319-чакырымдарында оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилди. Жолдун катуу тайгактыгы себеп болуп, фуралардын жылбай калышы тыгындарды пайда кылган. Жеңил унаалар үчүн кыймыл азырынча ачык.
Адистер айдоочуларга ылдамдыкты ашырбоону, унаанын техникалык абалын карап жүрүүнү жана аралыкты 500 метрден сактоону эскертишти.



