Коом
Ырчы Толгонай Арзыкеева уулдуу болду

Ырчы Толгонай Арзыкеева уул төрөп, эне болду. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасында сүйүнчүлөп жазды.
Анын айтымында, ал 3-октябрь күнү уулдуу болушкан.
«Кудайымдын каалоосу менен 3-октябрь күнү биз ата-эне болдук. Кудайга чексиз шүгүр…», – деп жазды ал.
Эске сала кетсек, Толгонай Арзыкеева 2023-жылдын сентябрь айларында Атай аттуу жигитке турмушка чыкканы белгилү болгон.



