Коом
Саламаттык сактоо министрлиги сабалган окуучуга жардам бербей койгон Васильевка айылындагы оорукананын башкы дарыгерин кызматтан алды

Үрөй учурган окуянын видеосу кечээ соцтармакта тараган. Анда таяк жеп, жерде жаткан өспүрүмдү алыстан карап, унаага отуруп кетип калган дарыгердин жоругу кыргызстандыктардын нааразычылыгын жараткан.
Бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги башкы дарыгер кызматтан алынганын билдирди. Окуучу ооруканада, анын абалы туруктуу экендиги айтылды.
Чүй ОИИББи бул окуя боюнча «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдады. 16 жаштагы шектүү милицияга жеткирилип, суракка алынган. Соттук экспертизилар дайындалып, кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.



