Саясат

Депутат Жеңишбек Токторбаев: “Теңгиз Бөлтүрүк мырза, элдик акчаны оң-солго сарптоого ким укук берди?!”

Жогорку кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев  “Кумтөр” компаниясынын  Бишкектеги кеңсесинин миллиондорду чапчыган ижарасы тууралуу  пикирин  Фейсбук баракчасына билдирди. Билдирүү өзгөртүүсүз жарыяланды:

«Урматтуу депутаттар!

Кечээ күнү ушул трибунадан «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдинг боюнча Бишкек шаарындагы Киев менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттан кеңсе катары 1 600 чарчы метр имаратты ижарага алып жатат деген кайрылуумдан кийин, аталган холдинг ”1 600 эмес 5 000 чарчы метрден ашык имаратты ижарага алуу боюнча келишим түздүк”- деп расмий маалымат берди.

Ал кеңсенин бир чарчы метринин арендасы айына 20 $ түзөт, андан сырткары 12% НДС жана коммуналдык төлөмдөр төлөнөт.

— 5 000 чарчы метр кеңсенин бир айлык арендасы — 100 миң долларды;

— НДС — 12 миң долларды;

— Коммуналдык төлөмдөр – 5 миң долларды түзөт.

Бардыгы биригип айына 120 миң долларга же 10 миллион сомго жакын каражат, ал эми жылына бир жарым миллион долларга же 120 миллион сомго жакын каражат кеңсени пайдаланууга гана сарпталат экен. Бир жарым миллион долларга бир жылда жаңы кеңсе курууга болот.

Мамлекет тышкы карыздан кутулууга, айлык акыны, пенсияны көтөрүүгө, башка социалдык маселелерди чечүүгө каражат таппай жаткан учурда, Теңгиз Бөлтүрүк ишенип берилген мамлекеттин каражатын сарамжалдуу пайдалануунун ордуна, оңго-солго чачып жаткандыгы туура эмес деп эсептейм.

Урматтуу депутаттар!

Бир ай — бир жарым ай мурун Кумтөрдө көчмө жыйын болгон, ошондо барыбызга очки берди эле. Бул Теңгиз Бөлтүрүк очкиси эмес, бул элдин очкиси. Урматтуу Алмасбек Ахунжанович Теңгиз Бөлтүрүкө берип коюңуз ушул очкини ордуна коюп койсун. Бул үчүн дагы бир топ акчаны чыгыштап жибербесин.

Урматтуу Төрага!

Аталган маселени изилдеп чыгып, укуктук баа берүү боюнча Министрлер Кабинетине жана Башкы прокуратурага протоколдук тапшырма берүүңүздү сурайм.

Тенгиз Бөлтүрүк мырза, ким сизге элдик акчаны оң-солго сарптоого укук берди?! Мыйзам алдында баары бирдей экенин унутпаңыз. Эгер ушундай темпте улана берсе аягы жаман болот, түрмөгө отурасыз. Андан сырткары холдингди талкалап, чөгүп бараткан кемеден келемиш сыяктуу качып кетесиз!” – деп жазды Токторбаев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button