Коом
Президент: Түзөтүү колонияларында отургандар азыр өздөрү акча таап, үй-бүлөсүнө акча которуп жатышат

IV Элдик курултайда Садыр Жапаров тергөө абактарында шарттар начар деген катты окуп, «СИЗО курорт эмес» деди.
Мамлекет башчысы өзү да убагында эки жолу камалып чыкканын, андагы шарттар боюнча эч кимге арызданбаганын белгиледи.
«Печкаларга уруксат жок. Ал жерде жарыкка акча төлөнбөйт. Күнү-түнү сайып коюшат, жарык кетип жатат. Мамлекеттин эсебинен биз төлөйбүз. Мына силердин чөнтөгүңөрдөн чыга турган акча. Ал жерге өзүнүн ичиндеги жылуулугу жетет», – деди президент.
Ал эми түзөтүү колонияларында отургандарга мурда жакындары азык-түлүк киргизе алса, азыр өздөрү акча таап, тоок фермаларында, тигүү цехтеринде иштеп тескерисинче, үй-бүлөсүнө акча которуп жатышканын белгиледи. Өлкө башчы абактагылар кийим-кечек менен камсыздалганын да кошумчалады.



