Коом

Ташиевдин тапшырмасы менен күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн аялдын ишин УКМК иликтейт

Үч баланын энесин мурдагы күйөөсү травматикалык курал менен атып өлтүргөн резонанстуу кылмышты мындан ары Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) иликтейт. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Окуя массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда кеңири талкууга алынып, коомчулукта чоң нааразычылык жаратты. Айрыкча шектүүнүн мурда ички иштер органдарынын кызматкери болгону коомдук талкууну күчөттү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен кылмыш иши УКМКнын борбордук аппаратынын өндүрүшүнө алынып, атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлдү. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Өлкө жетекчилиги бул окуяга коомдук коопсуздукка жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга олуттуу коркунуч жараткан факты катары принципиалдуу укуктук баа берилерин билдирген.

Тергөө маалында маркум аялга карата мурда убактылуу коргоо ордери берилгени, ошондой эле шектүүнүн газ-травматикалык куралды мыйзамсыз алып жүрүп, сактаганы аныкталган. Дал ушул курал менен кылмыш жасалганы маалымдалды.

Учурда айыпталуучу камакка алынып, УКМКнын тергөө абагына (СИЗО) жеткирилди. Ал тергөө иштери аяктаганга чейин ошол жерде кармалат.

УКМКнын маалыматына ылайык, тергөөнүн жыйынтыгында айыпталуучуга гана эмес, бул кылмыштын жасалышына жол берген же шарт түзгөн башка адамдардын аракеттерине же аракетсиздигине да укуктук баа берилет.

Мекеме маркумдун балдарына, туугандарына жана жакындарына кайрылып, күнөөлүүлөр мыйзамдын бардык талаптарына ылайык катуу жоопко тартыларын, ал эми иликтөөнүн жыйынтыгы коомчулукка ачык маалымдаларын билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button