Салык кызматы: Эми жеке ишкерлерди кайра каттоо 10 мүнөттө аткарылат

Салык кызматы Cabinet.salyk.kg порталында жеке ишкерлерди онлайн кайра каттоодон өткөрүү кызматын ишке киргизди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы санариптик чечим ишкерлерге каттоо маалыматтарын салык органдарына жеке барбастан, аралыктан өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин бул процедура эки-үч жумушчу күндү алса, азыр толугу менен автоматташтырылып, орто эсеп менен 5–10 мүнөттө аткарылат.
Кызмат сутка бою иштейт жана дүйнөнүн каалаган жеринен жеткиликтүү.
«Салык төлөөчүнүн жеке кабинети» жаңыртылган алкагында функционал үч негизги мүмкүнчүлүк менен кеңейтилди. Эми ишкерлер өз алдынча төмөнкүлөрдү аткара алышат:
- юридикалык дарек өзгөргөндө салыктык каттоо районун алмаштыруу;
- башка салык режимин тандоо же реквизиттерди жаңылоо;
- экономикалык ишмердүүлүктүн жаңы түрлөрүн кошуу.
Кызматтан пайдалануу үчүн платформага авторизациядан өтүп, ыкчам жетүү панелиндеги «Жеке ишкерди кайра каттоо» бөлүмүнө кирип, электрондук форманы толтуруп, өзгөртүүлөрдү сактоо керек.
Долбоор «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында ишке ашырылып, чакан жана орто бизнес үчүн фискалдык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө багытталган.



