Коом

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 1,5 миңден ашуун ыктыярчы тартылат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү иштерине 1,5 миңден ашуун ыктыярчы тартуу пландалууда. Бул тууралуу ДКОнун эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов билдирди.

Анын айтымында, ыктыярчылар эки негизги категорияга бөлүнөт. Биринчиси — уюштуруу тобунун катышуучулары. Алардын саны болжол менен 600 адамды түзөт. Экинчи категория — ачылыш жана жабылыш аземдерине катышуучу ыктыярчылар, ошондой эле массалык көрүнүштөрдүн артисттери. Бул багытта миңге жакын адамды тартуу каралууда.

«Уюштуруу тобундагы 600 ыктыярчынын ар биринин өзүнө тиешелүү так милдети болот. Алар — атташе-ыктыярчылар, спорт объекттеринде жардам көрсөткөндөр, иш-чараларга, логистикага жана башка багыттарга жооптуу адамдар», — деди Нурсултан Аденов.

Ыктыярчыларды тандоо февраль айынын аягында башталат. Негизги талапкерлерди издөө университеттерде Оюндардын уюштуруу комитети менен биргеликте жүргүзүлөт.

ДКОнун эл аралык катчылыгынын жетекчиси белгилегендей, тандоодогу милдеттүү критерийлердин бири — чет тилдерди билүү. Ошондуктан негизги басым жогорку окуу жайлардын студенттерин тартууга жасалат.

«Ыктыярчы — конокту биринчи болуп тосуп алган адам. Анын сырткы көрүнүшү, баарлашуу маданияты жана ачык мамилеси аркылуу иш-чара тууралуу гана эмес, жалпы өлкө жөнүндө да таасир калыптанат», — деди ал.

Ыктыярчылар Кыргызстан тууралуу биринчи таасирди түзүшөт, — деп кошумчалады Нурсултан Аденов.

Анын айтымында, тандоодо республика жана Көчмөндөр оюндары тууралуу так, кызыктуу айтып бере алган, сынчыл ой жүгүртүүсү жана стресске туруктуулугу бар жаштарга өзгөчө көңүл бурулат.

Тандоо баскычынан кийин ыктыярчылар окутуудан өтүп, атайын формалык кийимдер менен камсыздалат.

Тектеш кабарлар

Back to top button