Коом

Асман шаарынын долбоору Шанхай жана Нанкин шаарларында тааныштырылды

Асман шаарынын долбоору Шанхай жана Нанкин шаарларында тааныштырылды. Бул тууралуу КРнын Улуттук инвестициялар агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык делегация Shanghai Minhou Xuyi Business компаниясы уюштурган эл аралык бизнес-форумга катышып, потенциалдуу өнөктөштөргө республикадагы инвестициялык климат тууралуу маалымат берди. Диалогдун негизги темалары санариптештирүү, инфраструктураны өнүктүрүү жана шаар курууда заманбап технологияларды киргизүү болду.

Тараптар талкуулоодон соң практикалык кадамдарга өтүп, бир катар документтерге кол коюшту. Келишимдер биргелешкен инвестициялык долбоорлорду мындан ары иштеп чыгууга жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталганын ведомстводон белгилешти.

Тектеш кабарлар

Back to top button