Коом

УКМК: Ош шаарынын борбордук стадионунун аймагынын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү учурундагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана алдын алуу боюнча, ошондой эле мыйзамсыз негизде менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында — Ош шаарынын борбордук стадионунун аймагында жайгашкан, анын ажырагыс бөлүгү болгон жалпы аянты 2700 чарчы метрди түзгөн курулуштары бар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы «Социалдык инфраструктура объектилерин андан ары пайдаланууну камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» №37 Жарлыгына ылайык, социалдык инфраструктура объектилери уставдык фонддогу мамлекеттик үлүштүн өлчөмүнө карабастан, менчиктештирилген ишканалар жана мекемелер тарабынан сатууга тыйуу салынган. Ошондой эле мындай объектилер алардын балансында болсо же менчиктештирүү учурунда алардын учурдагы колдонулушу сакталып калган шартта бекер өткөрүлүп берилсе да, аларды сатууга уруксат берилбейт.

Жогоруда аталган объектини белгиленген Жарлыкты бузуу менен анын максаттуу багытын өзгөртүп, жеке менчикке мыйзамсыз чыгарышкандыгы аныкталды.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жер тилкеси жана имараттар мамлекеттин менчигине кайтарылып, Ош шаардык мэриясына өткөрүлүп берилди. Бул аракеттер шаардын социалдык инфраструктурасын жакшыртып, жагымдуу чөйрөнү түзөт жана шаар тургундарынын жашоо сапатын жогорулатат.

КР УКМК мыйзамдарды бузуу менен жеке менчикке өткөрүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кыймылсыз мүлк объектилери мамлекетке кайтарылууга тийиш экенин эскертет.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button