Коом

Президент «Доолот Курулуш» курулуш компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров «Доолот Курулуш» курулуш компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырды. Анын тапшырмасы менен президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Шопоков шаарына барып, курулуш объекттеринин абалы менен жеринен таанышты.

Маалыматка караганда, үлүштүк курулушка катышкан миңден ашык жаран компанияга 1 миллиард сомдон ашык каражат которгон. Кийинчерээк айрым дольщиктер өз акчаларын кайтарып алышкан, бирок застройщиктин эсептеринде 900 миллион сомдон ашык каражат калууга тийиш болгону айтылат. Ошол эле учурда объекттердин чыныгы абалы курулуш иштери дээрлик жүргүзүлбөгөнүн көрсөтүүдө: блоктордун көпчүлүгү котлован деңгээлинде, айрым участоктордо бир да кабат тургузулган эмес.

Дольщиктер курулуштун аяктоосун эки жылга жакын убакыттан бери күтүп келишет.

Мындан тышкары, Шопоков шаарынын мэриясы компанияга 8 гектардан ашык аянттагы жер тилкесин бөлүп бергени маалымдалды. Анын ордуна застройщик муниципалитеттин балансына 140 батир өткөрүп берүүгө милдеттенген. Бирок бийликтин белгилешинче, бүгүнкү күнгө чейин компания бул милдеттенмелерин аткарган эмес.

Аныкталган фактыларга байланыштуу атайын жумушчу комиссия түзүлдү. Ал дольщиктердин каражаттарынын кыймылын, келишимдик милдеттенмелердин аткарылышын, курулуштун чыныгы көлөмдөрүн жана темптерин, ошондой эле бөлүнүп берилген жер тилкесине байланышкан шарттардын сакталышын текшерет.

Президенттик администрация кырдаал мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө экенин белгилеп, жарандардын каражаттарын тартуу менен милдеттенмелерди аткарбаган аракеттер мыйзам чегинде укуктук баа алаарын билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button