Коом

Жалал-Абад милициясы мыйзамсыз курал-жарак сактаган жарандарды аныктады

Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Базар-Коргон районунун аймагында «Б» аттуу жаран үйүндө мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүрөт деген ыкчам маалымат алынып, анын негизинде топтолгон материал ОИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 267-бер.негизинде (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) кылмыш иши козголуп, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген.

Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө жана тергөө амалдарынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун Кызыл-Үнкүр айылынын 1980-жылы тургуну С.Б. жана Арстанбап айылынын тургуну 1977-ж.т. М.Ф. аныкталып, Жалал-Абад шаардык сотунун турак-жайга тинтүү жүргүзүү боюнча берилген уруксатынын негизинде алардын жашаган даректерине жана автоунаасына тинтүү жүргүзүлгөн.

Тинтүү амалдарын жүргүзүүдө шектүү С.Б. үйүнөн жана автоунаасынан сайлуу 5.6мм ТОЗ-8, 308 калибрлүү Zastava-S, сайсыз 12 калибрдеги МР 155 үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар жана жалпы 304 даана ар кайсы калибрдеги ок дарылар табылып алынган.

Ал эми шектүү М.Ф. турак-жайынан 7,62х54 калибрдеги сайлуу Тигр үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана 18 даана ар кандай калибрдеги ок дарылар табылып алынып, далил-буюмдарга карата тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Шектүүлөр тергөө кызматына камсыздалып, учурда курал-жарак жана ок-дарылардын мыйзамсыз түрлөрүн аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button