Кыргызстанда Nipah вирусун жуктуруп алуу фактылары катталган жок

Кыргызстанда Nipah вирусун жуктуруп алуу фактылары катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, эпидемиологиялык абал санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын туруктуу көзөмөлүндө. Кооптонууга негиз жок. Өлкөнүн саламаттык сактоо системасы мүмкүн болгон эпидемиологиялык коркунучтарга ыкчам чара көрүүгө даяр.
Саламаттык сактоо министрлиги белгилегендей, «Инфекциянын өлкөгө кирип кетишинин алдын алуу максатында мамлекеттик чек арада санитардык-карантиндик көзөмөл чаралары күчөтүлдү. Санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлери өлкөгө кирип жаткан жарандардын саламаттык абалын көзөмөлдөп, транспорт каражаттарына санитардык текшерүү жүргүзүп, колдонуудагы нормативдик талаптарга ылайык профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө», — деп белгилешти министрликтен.
Өлкөдөгү медициналык уюмдар ооруну эрте аныктоо, бейтаптарды обочолонтуу жана эпидемияга каршы иш-чараларды уюштуруу боюнча нускамалар менен камсыздалды.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) жана эл аралык өнөктөштөр менен эпидемиологиялык маалымат алмашуу жана алдын алуу чараларын координациялоо боюнча туруктуу кызматташтык жүргүзүүдө.
Nipah вирусу — Paramyxoviridae тукумуна кирген зооноздук вирустук инфекция болуп саналат. Ал оор дем алуу жолдорунун ооруларын жана мээнин сезгенишин (энцефалит) пайда кылышы мүмкүн.
Вирустун негизги табигый булагы — жарганаттар.
Адамга жуктуруу төмөнкү учурларда болушу мүмкүн:
- жугуштуу жаныбарлар менен байланышта болгондо;
- жаныбарлардын биологиялык бөлүнүп чыккан заттары менен булганган азыктарды колдонгондо;
- жугуштуу адам менен тыгыз байланышта болгондо.
Оорунун инкубациялык мезгили бир нече күндөн эки жумага чейин созулушу мүмкүн.
Негизги белгилери: жогорку температура, баш оору, жөтөл, дем алуу кыйынчылыгы, алсыроо, ал эми оор учурларда — эс-учун жоготуу жана тырышуу.
Жарандарга төмөнкүлөр сунушталат:
- жеке гигиенанын эрежелерин сактоо;
- жапайы жаныбарлар менен байланыштан алыс болуу;
- чийки же жетиштүү иштетилбеген азыктарды колдонбоо;
- жугуштуу оорунун белгилери байкалса, дароо медициналык жардамга кайрылуу.
Расмий маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик булактар аркылуу гана таратылат.
Белгилей кетсек, буга чейин Индияда өлүмгө алып келүүчү Nipah вирусунун очогу катталгандыгы кабарланган.



