Мындан ары айдоочуларды мамлекеттин көзөмөлүндө турган авто-мектептер гана окутат

Каныбек Туманбаев жеке авто-мектептердин нааразычылыгына байланыштуу комментарий берип, мамлекет айдоочуларды окутуу системасын реформалоону баштаганын билдирди.
Анын айтымында, буга чейин айрым авто-мектептерде айдоочулук күбөлүктөр иш жүзүндө «сатылып» келген. Мунун кесепети катары жол кырсыктарынын көбөйүшү, адамдардын жаракат алышы жана жолдордо каза болгондордун санынын өсүшү байкалган.
Ал ошондой эле 2025-жылы жол кырсыктарынын жана каза болгондордун саны 2024-жылга салыштырмалуу көбөйгөнүн белгиледи.
Туманбаевдин айтымында, жеке авто-мектептердин ээлери реформалар тууралуу алдын ала эскертилген. Ошондуктан «бизди эскертишкен эмес» деген дооматтарды ал кабыл албай турганын айтты.
Негизги өзгөрүү — мындан ары айдоочуларды мамлекеттин көзөмөлүндө турган авто-мектептер гана окутат.
2026-жылдын февраль айынын ортосунан тарта жаңы окутуу программасы жана жаңы стандарттар боюнча арыздарды кабыл алуу башталары айтылды.



