Коом

Мыйзам бузган. НДПК партиясы Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоо жарышынан четтетилди

Бишкектин аймактык комиссиясы Кыргызстан элдик-демократиялык партиясын шайлоо жарышынан четтетти. Бул тууралуу Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.

Чечим кечээ кабыл алынган. Буга шайлоо күнү добуш сатып алуу, үгүт иштерининин жол-жобосун бузуу, партиянын каржылоосу жана башка нерселер себеп болушу мүмкүндүгү айтылат.

«Партия БШКнын чечимине үч күн ичинде даттанса болот. Эгер Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими партияга жакпаса, сотко да бере алат», — деп эскертти аталган мекеме.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-апрелде өткөн. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, «Эмгек»  партиясы (10 мандат), экинчи «Ак-Бата» партиясы (9 мандат) өттү. Андан кийинкиде сегиз мандант менен КЭДП турган.

Ошондой эле шаардык кеңешке «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин эл» партиялары өткөнү болжолдонду. Расмий маалымат добуштарды кол менен саноо аяктаганда айтылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button