Саясат
Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышуу үчүн Дубайга барды

Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, минкаб төрагасын Бириккен Араб Эмирликтеринин вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактум чакырган.
«Саммиттин алкагында «Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн «Ак илбирс» модели: мамлекеттик акселераторлор, институттар жана инвестициялар» аттуу кошумча иш-чара өткөрүлөт. Ал кыргыз тараптын демилгеси менен биринчи жолу уюштурулууда», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле иш сапардын алкагында БАЭнин жогорку даражалуу жетекчилери, бир катар министрликтердин жана суверендүү фонддорунун башчылары менен жолугушуу, эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган.


