Коом

УКМК: Ош шаарында автотранспорт ишканасынын аймагы мамлекетке кайтарылды — ВИДЕО

УКМК Ош шаарындагы №1 жүргүнчү ташуу автотранспорт  ишканасынын аймагын мамлекеттин балансына кайтарып берди.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү аныктоо жана кайтарып алуу боюнча системалуу иш-аракеттеринин алкагында Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу автотранспорт ишканасынын мыйзамсыз менчиктештирилиши аныкталды.

Тактап айтканда, 2000-жылдардын башында ишкананын мурдагы директору аталган жердин аймагын мыйзамсыз менчиктештирип алган, андан кийин ал жерди бир нече бөлүккө бөлүп, аны өзүнө жакын адамдардын атына каттаткан.

Тергөө учурунда №1 жүргүнчүлөрдү ташуу автотранспорт ишканасынын мурдагы директору аталган мүлккө болгон менчиги мыйзамсыз экенин түшүнүп, административдик жана чарбалык имараттары бар 1,39 гектар жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берди.

Тектеш кабарлар

Back to top button