УКМК: Кара-Балта шаарындагы бала бакчанын имараты мамлекеттин балансына кайтарылды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди, анын ичинде өндүрүштүк жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жалпы 5000 чарчы метрден ашык аянтты түзгөн бала бакчаны мамлекеттин балансына кайтарды.

Алсак, бала бакча 1997-жылы жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталып, андан кийин аталган бала бакчанын имаратын мыйзамдаштыруу максатында 2001-жылы мамлекеттик органдардын чечиминин негизинде бала бакчанын имаратынын жана аймагынын базасында дыйкан чарбасы (сүт иштетүүчү жана нан бышыруучу цехтер) түзүлгөн.

Кийинчерээк, мыйзамсыз чечимдерди кабыл алуу менен жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузуу менен окуучуларды коммерциялык максатта айдоочулукка үйрөтүү үчүн аталган социалдык маанилүү объектинин аймагында авто мектеп ачылган.

Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча 4-июль күнү, социалдык объект бала бакча катары пайдалануу үчүн мамлекеттик баланска кайтарылды.
Учурда КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.



