Окуялар
Манас шаарында массалык мушташка катышкан жаштар кармалды

Манас шаарында милиция кызматкерлери массалык мушташка катышкан жаштардын тобун кармашты. Бул тууралуу шаардык ИИБ билдирди.
Окуя 6-февралга караган түнү саат 00:30 чамасында СМУ кичи районунда болгон. Социалдык тармактарда тараган видеодо бир нече адам бири-бирине таш ыргытып, катышуучулардын бири жерге жыгылып, жаштардын тобу тарабынан сабалганы көрүнөт.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Хулигандык») менен кылмыш иши козголду. Укук коргоо органдары окуяга катышкан бардык адамдардын өздүгүн аныктап, аларды суракка жеткиришти.
Мушташ учурунда жабыркаган өспүрүмдөрдүн бири ооруканага жаткырылып, медициналык жардам алууда.
Тергөө иштери уланууда.



